www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин дарегине канчалык көп кара пиар жасаганга аракет кылынып жатканы менен, бул эки доско бали дегенден башка айла жок болуп жатканын, азыркы оппозициямын деген "маскарапоздор" да күн өткөн сайын мойнуна алууга аргасыз болуп жатышат. Кумтөрдү аламын деди албады деп айгай салайын деди эле, анысы да оңунан келбей Жапаров-Ташиев өтө кыраакы жол менен Кумтөрүбүздү да заматта кыргыз элибизге кайтарып алып берди. Мына эми кадимкидей "Кумтөр - элдики!" деген буга чейин түшкө да кирбеген максат орундалып отурат.
Аны муну коюп, өткөндө эле маалымат жыйынында Ташиев "Акаев да, Бакиев да издөөгө алынды. Аларды Кыргызстанга алып келебиз. Мыйзам чегинде, тийиштүү укуктук баа берилет..." дегенин көрүп, баягы эле эл бузарлар "Мунун баары популизм, мунун баары жомок..." деп чыгышкан болчу. Жоок. Андай болбоду. Тетирисинче, бул бузукулардын сөзү - жомок, ушак болуп чыкты го! Мына бүгүн Аскар Акаев Кыргызстанга алып келинип, бир жакшына болуп эле УКМКда, тергөө менен кызматташып отурат. Демек, Жапаров менен Ташиевдин айткандарын бурмалап, жалганга чыгарып убара болуунун кажети жок турбайбы! Ушинтип эле каралап отурган "акылдуу акмактар" бүтүндөй кыргыз элинин алдында уят болуп, шермендеси чыгып калат турбайбы!
Айланайын, кээ бир ичи тар "саясатчы чалыштар" эки достун кечээги көлдө эл менен эс алып жүргөнүн дагы көрө албай, күйүп бышып, ошол жерден дагы кыпчылып, жамандап калайын деп өлүп-талып кол алдындагы "клоундарына" жаман сөздөрдү жаздырып, жаман эле болушту го чиркин. Көрсө, эки дос бул жактан акырын ишти бышырып коюп, эч кимге сыр бербей, көлдө мээ сергитип жүрүшкөн турбайбы?! Бул деген сөз, Жапаров менен Ташиевдин алдыда дагы далай тымызын, кыраакылык менен бышырып койгон иштери бар, алдыда дагы "Июнь окуялары", "Дача-Суу окуясы", "Пандемиядагы акчалар"... сыяктуу дагы толгон токой тарыхый жана саясий-укуктук баасын ала элек окуяларга да күнү сааты келгенде капысынан эле жыйынтык чыгарылат дегенди түшүндүрүп турат.
Учурда бир эле маанилүү нерсе - бул кыргызстандыктардын, кыргыз элинин Жапаров-Ташиев бийлигин болушунча колдоп кубаттап, колуна кол, бутуна бут болуп берүү гана! Муну жакшылап мээбизге түйүп алышыбыз керек. Ошондо гана 30 жылдан бери 200-300 үй бүлөнүн "кулуна" айланып кала жаздаган эли-журтубуз, өнүккөн, бай, адилеттүү мамлекетти курууга жардам берген болот. Бузукулардын саясий оюндарына алданбасак болгону! Көзүбүздү чоң ачып, акылыбыз менен журтубуз үчүн кыргыз эли күйбөсө, анан эмне жемкорлор, чыккынчылар, сагызгандай шакылдаган эки жүздүүлөр күймөк беле!
Булак: NazarNews.kg