www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Аскар Акаев Кыргызстанга келери менен "Кумтөрдөгү" афёра боюнча УКМКга суракка чакырылыптыр. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Акаевди Кумтөр коррупциясы боюнча кылмыш жообуна тартуу, ага издөө жарыяланганы боюнча эң жогорку деңгээлде расмий Кыргыз бийлиги тарабынан расмий айтылган. Акаевдин кол тийбестиги Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010- жылы эле алынган. Мен ойлойм, Акаев Москвадан кармалып, Кыргызстанга келип эстүүлүк кылды. Эртеби, кечпи президент кезинде кыргыз элине карата жасаган кыянаттыгы боюнча жооп берүүгө милдеттүү болчу. Ошол күн келди…
- Сурак элди алаксытуу үчүн уюшулган жөн эле оюн эмеспи? Азыркы бийлик чындап эле Аскара Акаевди жоопко тартууга болгон аракетин жумшашабы?
- Ошондой болушу да мүмкүн, анда эле азыркы бийликтин коррупция, "Кумтөр" аферасы боюнча ушуга чейин жүргүзүп келген иштери, айткандары баары ноль болот. Өздөрү дүйнөлүк деңгээлде шерменде болот, себеби "Кумтөр" маселеси азыр эл аралык соттордо каралганы турат. Азыркы кыргыз бийлигинин сурагы оюн болбойт го деп туралы жана тилейли… Акаевди жоопко тарта албаса, анда "Кумтөр" боюнча жоопко тартылат делинген берки калган президенттердин, өкмөт башчылардын, азыр түрмөдө жаткан депутаттардын баарынын үстүнөн кылмыш иштерди кыскартып, тезинен кое берүү талап кылынат… Анткени, "Кумтөр" боюнча кылмышты Акаев менен Бриштейн баштап, калгандары аны ар кандай деңгээлдерде улантып келишти да. Бирок эски акаевчилер убагында, кийин да "Кумтөрдүн" Бриштейн тарабынан чечилишин жакташкан айрымдар муну саясатка айландыргысы келишет. Аларды азыркы бийликтен эптеп эле «кыйкым» издеп жүрүшкөн азыркы айрым саясатчылар да колдоп чыгышы мүмкүн. Бирок чоң колдоо табышы кыйын, себеби Кыргызстандын азыркыдай абалда калышына эң башкы кунөөлүү адам, бул - Акаев. Ошентсе да азыркы бийликтен Акаевди жана башка бардык президенттерди сот өкүм чыгарганга чейинки тергөө мезгилинде камакка албай үй камагында же кепилдикке берип тергөө иштерин жүргүзүшүн каалар элем. Бул менин жарандык жеке позициям…- деди Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg