www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде буга чейин президенттин жакындарына карата айыптоолорду айткан ишкер Сыргак Кенжебаев менен болгон жолугушуулары тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Сыргак Кенжебаев ага келип, европалык инвесторлорду тартуу аркылуу Кыргызстандагы айыл чарбасын эки-үч жылдын ичинде «жомоктогудай» деңгээлге жеткире аларын айткан.
Ошол учурда Садыр Жапаров айыл чарба министри болуп турган Бакыт Төрөбаевге Сыргак Кенжебаев менен жолугуп, анын сунуштарын изилдеп чыгууну тапшырган.
Президенттин айтымында, Кенжебаев менен Төрөбаев Италияга жана Германияга барып келишкен. Андан кийин министр ишкердин сунуштары реалдуу эместей көрүнөрүн айткан.
«Ал дароо эле: “Шеф, бул аферист окшойт. Булар жомок, фантастика”, — деди», — деп Төрөбаевдин сөзүн келтирди Садыр Жапаров.
Буга чейин ишкер Сыргак Кенжебаев видео жарыялап, анда коррупциялык схемалар жана президенттин жакындарынын мамлекеттик органдарга, анын ичинде бажы тармагына тийгизген таасири тууралуу билдирген. Президенттик администрациянын өкүлү Дайырбек Орунбеков бажыдагы коррупция тууралуу айыптоолорду четке кагып, бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү өскөнүн билдирген.
Сыргак Кенжебаев — ишкер. Ал буга чейин Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген жана «Юнилаб» логистикалык компаниясын жетектеген. 2019-жылы ал алдамчылыкка шектелип кармалган.