www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров Таласка бекер жеринен барган жок. «Кумтөрдү» кайсап бүттү, эми Атамбаевдин заманында Бабановдун жайытына айланган «Жер-Үйгө» көз арта баштады. 2010-жылы биринчи вице-премьер –министр кезинде эле аны жайламак. Биринчиден, ал кездеги таластык премьер-министр Данияр Үсөновдон өтө алган жок. Экинчиден ал кездеги Ичски Иштер министри Молдомуса Конгантиевди ээрчитип алып Таласка «порядок» орнотом деп барганы эмне менен бүткөнүн көпчүлүк билет. Билбегендерге Жапаров аялдын киймин кийинип, жоолук салынып алып иниси менен Конгантиевди элге салып берип, өзү жашынып алып качкан. Таластыктар кокус Жапаровду кармасак эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбейбитз деп ызаланып жүрүшкөнү чындык.Эми Таласка барыптыр кулагына «бирка» бастырып келдиби же курсагына чучук батырып келдиби, ким билет, Таласты санариптештирем деп күпүлдөдү. Аймактын санариптик картасын түзөм дегени менен оюунун бары Жер-Үй болуп турду. Бишкекте былтыйып ичеги-карды чубалып жатат. Ал алып келген Бажы бажаргыч Кубанычбеков коррупция менен колго түштү, ал Салымбеков менен бирге алып келген Файзиевге каршы бийлик Равшан Сабировду койду.

 «Даттангың келсе С.Жапаровко бар, мактангың келсе А.Жапаровко бар», - деген кеп бар. Ким тепкилесе жагынып жабышкан Жапарповго бары деңизчи? Мишустинден кагуу жеген Жапаров жаңы жыл алдында оозун жалаяктай кылып, Мишустинге жагынып жаңы жылы менен куттуктаган. Балким бул акыркы жаңы жылында Мишустинге көрүнүп алайын дегениби?  Жакында Жапаров Ереванга барып «эрогендүү» кептерин жаадырып келди. Жапаров жарпы жазыла: «Биз «кедей» мамлекет синдромун жок кылабыз» -деп адатынча мактанып алды. Кантип жок кылат жолун айткан жок. Же эмне Жапаров үйүндө экзотикалык тамак ичсе эле Кыргызстан «кедей» мамлекет синдромунан чыгып калат бекен? Бул сөзү Орусия премьери Мишустинге жакпай калса керек. Булар сүрөткө түшөр алдында Мишустин маскаларды эл көзүнчө тагынып алууну сунуштады. Анын сөзүнө какылдаган Жапаров «Маска тагынууга милдеттүү эместигибиз айтылган» -деп мойнун кайырды эле, Мишустин «Көп сөз бок сөз, тагыныңыз» -деп ачуулуу көзү менен Жапаровду караганы, Жапаровдун «кедей» эмес өлкөнүн өкмөт башчысына карагандай  көз караш болгон жок. Өкмөт башчысынын да өзүнүн этикасы болот, же «кедей» синдромунда турган Кыргызстан Жапаровдун айынан Орусия менен кер-мур айтышып, каякты карап жалдырап калабыз?

Ыргыштап бараткан Жапаровдун кулагы жапырылып, эмнегедир бир нерсенин жытын искегенсип, кайсалаңдап турат. Шайлоо алдында Акылбек Жапаров кемеге «катастрофа» болорун алдын-ала сезген келемишке окшоп чайналып тургандай. Трайбалист Жапаров 30 пайыз кыскартууларды жүргүзүүнү демилгелеп, буларга Бишкекте суутуп коюптурбу деп түштүктүн элине билгизбей кысым жасай баштаган. Азыр өкмөттө 21 кишинин 3 эле адам Түштүктүк, анын ичинде Баткенден эч ким жок. Өкмөттүн көбү таластан түзүлгөнү эмне деген кеп берет, бул тууралуу атайы иликтөөлөр жүрүп жатат.

2015-жылы «Бир болду» сүрөп убадаларын кат-каттап берген. Башка депутаттардын колунан эмне келет эле, бирок Жапаров «Өлбөс Кащей» сыяктуу «өлбөс финансы министринен» өкмөт башчысына келген, көп нерсе колунан келмек. Бир гана анын жолу катуубу же дайыма элге жамандык кылууну каалап турабы, Жапаров финансы министри болсо да, өкмөттү жетектесе да  кымбатчылык муунта баштайт. 2005-жылы биринчи ирет финансы министри болгондо ундун баасы асмандап кетип, инфляция ээ жаа-бербей кеткен. Жапаровду кызматтан алар менен ундун баасы түшүп, инфляция ооздукталган. 2011-жылы СДПКлаш «атакеси» кайрадан финансы министри кылат. СДПКнын штабын учурунда Жапаров жетектеген. Жапаров финансы министрин тейлей баштаганда Кытайдан карыз алуу башталган. Азыркы карыздар Жапаров финансы министри  кезинде жаралган. Үчүнчү ирет финансы министри болгондо да эл кымбатчылыктын сазына батты. Жапаров болсо өкмөт башчылыгына келип, шайлоого өз кишилериме сүрөөн кылам деп ойсолоктоп турат.

«Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» -деп классик акын Жолон Мамытов таамай белгилеген. «Кедей» эмес мамлекеттин өңү Жапаровдун өңүндөйбү» деген ой туулат, атасы казына таштап кетпеген Жапаров политехти бүтүп алып улам-улам минфин болуп, миллионерге айланды. Себеби, ким бийликте турса ошонун партиясына махабатын арнап жүрүп, ХИПК сыяктуу элге каршы программаларды колдоп, бир тыйын дегенде тоголонуп жүрдү. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыга келели. Дагы кайталайлы, ал СДПК партиясында штаб башчысы болгон. Андан «Жаңы Кыргызстанга» секирди, аны сатып «Ак Жолго» кирип, бир саат болсо да премьер-министр болду. Таластын кыраандары «эмдеп» койолу деди эле, жоолук салынып алып катынча качып «эмделбей» калды. Иниси чала-була «эмделип» анысын акча менен сатып алды. Түз эле Куловдун «Ар-Намыс» партиясына кирип, Атамбаевдин убагында экинчи ирет минфин болгон. Эл артка кетти, Жапаров өз акчасын көбөйтө баштады. Мугалим, доктурлардын айлыгын бир тыйынга да көтөргөн жок. «Ар-Намыстын»  иши бүтөрүн келемиштей сезип «Бир болго» өткөн. «Бир болду» сызга отургузуп 2020-жылы «Мекеним Кыргызстанга» сызайын деди эле алар жолотпой койду. Эми чычкан аңдыган мышыктай бийликти мыкчып тура турган партияларга көзү өтүп тургансыйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости