www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азия News гезитинин “Үкөк” рубрикасына Р.Раяпбаев атту жарандан төмөнкүдөй кат келип түшкөн:
"Камчы Көлбаев жөнүндө эл арасынан жакшы эле сөздөрдү угуп жүрөм. Зонага кирген наркотрафикти токтоткон, Чолпон-Атага спортсмендерди эл аралык турнирлерге машыктыруучу чоң спорт сарай салган жана элге кылган башка да соопчулук иштери жөнүндө көп эле уккам.
Раматылык Дооронбек агабыз Жогорку Кеңештин трибунасынан чырылдап сүйлөгөн сөзү эсимде: "Рысбек, балакет болсоң дагы келчи, мен булар менен иштеше албай калдым!" деди эле.
Анын сыңарындай, эл-журт, Камчыны депутаттыкка шайлабайлыбы?
Башынан жамандык өткөн адам элдин көйгөйүн, түйшүгүн түшүнөт. Ансыз деле бийликте бир сыйра камалып чыккан саясатчыларыбыз отурат го, спикерликтен бери ээлеп.
Азыркы парламентте отургандар эл ачкабы-токпу, өлүп жатабы - иши жок. Алардын максаты болгону кресло талашмай...", - дейт жаран.
Булак: "Азия News" гезити