www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Түркиянын КРдагы элчиси Ахмад Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда терини кайра иштетүү, булгаарыдан кийим-кече тигүү цехин куруу жана башка ар тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Андан сырткары, Ош облусунда билим берүү, соода, техника, экономика багытында ТИКАнын ар түрдүү долбоорлор жана программаларын ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.
Түрк элчиси ТИКА сыяктуу мамлекеттик агентствонун проект, программалары жана Түркия өлкөсүндөгү ишкерлерди Ош облусуна инвестиция тарттыруу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg