www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур тагып унаасын башкарып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, саат болжол менен 00:25 чамасында Жибек- Жолу жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номуру шек жараткандыктан токтотушкан.

Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда мамлекеттик номуру техникалык күбөлүктөгү номурга дал келбей, жасалма экендиги аныкталган. Унааны 1997-жылы туулган К. Т. башкарып жүргөн.

Бул факты боюнча унаа айып төлөөчү короо жайга токтотулуп, ал эми унаанын айдоочусу Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости