www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки кабаттуу үйдө газ жарылып, каза болгондордун саны төрт кишиге жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Telegram каналында билдирди.

Маалыматка ылайык, урандылардын астынан төрт адам тирүү чыгарылып, төрт адамдын сөөгү табылды.

Маалым болгондой, адистер эки аялды, бир эркекти жана бир баланы сактап калууга жетишкен, алар менен дарыгерлер иштеп жатат.

Жалпысынан ондон ашык адам дарыгерлерге кайрылышкан, анын ичинде бир нече балдар да бар. Жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылды.

Окуя бүгүн, 17-апрелде Астана убактысы боюнча таңкы саат бештер чамасында 2-кичи райондо 12 батирлүү эки кабаттуу үйдө болгон. Газ баллондун жарылышынын кесепетинен 150 чарчы метр кире бериш бөлмө кулап түшкөн.

 

Последние новости