www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Департаменттин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. Кыргызстанга товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берип келген. Тактап айтканда, А.Л.О. аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга жана продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталды.

Ошондой эле аталган департаменттин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө начар экендиги аныкталган. Белгиленгендей, А.Л.О. иш жүзүндө жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турган.

Кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин төрт кызматкери кармалып, Бишкек шаардык №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учура коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды, аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маалымдама: санитардык-эпидемиологиялык корутунду – бул колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.

Последние новости