www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеев кызматынан бошоду. Жээнбековдордун «Акыркы могиканы» кызматынан кол жууду. Арстанбек Дүйшеев Султан Ибраимов спикерден премьер-министрге кеткенде ордун ээлеген, ал эми Султан Ибраимовду атып кеткен соң премьер-министр болот. Жетиген уруусунан Арстанбек Дүйшеев Кеминден, ал Өзгөндө райком болуп турганда уулу Карыбек туулат. Эмне үчүн аты Карыбек болуп калат? Карыбек Тыналиев (Нарында облисполком болгон), Кадыракун Базарбаев (Тянь-Шань, Кочкор, Совет, Таласта райком болгон) Арстанбек Дүйшеев айыл чарба институтунда чогуу окушуп дос болушкан, балдарына досторунун атын коюшкан. Кадыракун Базарбаев Советте райком болуп турганда Шарип Жээнбеков райондук потребсоюзду жетектеген. Экөөнүн мамилеси дурус болуп, Базарбаев достору Дүйшеев, Тыналиевдер да Жээнбеков менен жылаңайлак катышкан. Бекер жерден Асылбек Жээнбеков спикер кезинде Карыбек Дүйшеевди кеңешчи кылып алган жок. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң 2019-жылы Конституциялык палатаны башкарып калат.

Уюткулуу элибиздин көрөңгөсү кур калбастан улам жаңы чыгаан урпактары менен толукталып турган. Мына ушундай учук улоочу, көрөгөч, ойчул, курч, жөнөкөй, иштерман, уюштургуч, заманыбыздын залкар мамлекеттик ишмери Султан Ибраимовдун тарыхий бейнесин ачуу, бул дагы абдан зор иш. Анын ата-энеси Чүй өрөөнүндөгү Алчалуу айылында жашап колдору жөндөмдүү - бири уста, бири уз, мээнеткеч адамдардан болгон.1927-жылдын 20-сентябрында кыргыз элин «суулуктаган» Султан деген уулду болушат. Кай бир кубулуштар илимде изилденип бүтө элек эмеспи. Балдары токтобой жүргөн ата-эне Султан төрөлөөрү менен аны башка үйгө таштап, кайрадан сатып алышат, ырымдап,  балдары токтобой жүргөндүктөн кызына орусча Мария деп ат коюп, карындаштуу болот. 

Ата-энеси Кудайдан тилеп алган балдары жетиле электе эле кайтыш болуп кетишет. Кичинесинен эле жетим калган Султан жетимчиликтин азабын көп тартат.Көп узабай эле согуш башталат. Тестиер кезинен эле ошол жалпы элге келген апаатчылыкты башынан кечирет. Согуш аяктагандан кийин, орум-жыйым кеч бүтүп, окууну уланта албай, трактор айдап 1944-1946-жылдары Дөң-Арык МТСында иштеп калат. Эптеп каражат чогултуп, 1946-жылдан 1949-жылга чейин Фрунзедеги гидромелиорация техникумун окуп бүтүп, 3 жыл Чүй сугат тармагында гидротехник болуп иштейт. Кай жерде болбосун ал зирек болуп, иштин майын чыгара иштейт.

 Ош облусунда он жыл боюу иштѳѳ Султан Ибраимовдун атын алыска чыгарып, легендага айланткан. Анын Союздун мамлекет башчылары да беш колундай таанып калганы, анын карапайымдыгында жана эмгек дегенде жантыгынан жата калгандыгында. Султан Ибраимовдун СССР Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгин жакшы баалаган, мыкты экономист катары таанычуу. 1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп, Кыргыз мамлекетинин түштүк бөлүгүн 10 жыл жетектеген. Ош обкомунун секретары кези, жолдон кол көтөргөн бирөөнү олтургузуп алат. Шофердун жанындагы алдыңкы бош орунга олтургузат. Мас киши оюна келгендин баарын айтып, жетээр жерине жеткиче чарчатып бүтүрөт. Ал түшкөндө шоферу "Масты эмнеге салып алдыңыз, өзүңүздү чарчатты го?" дегенде "Анын да бир билгени бардыр, оюндагысын айтып жатат да" деп камаарап койбоптур. Машина менен кай тарапка баратпасын, ошол тарапка кете тургандарды бош орунга олтургузуп алып, ал тургай караңгы болсо үйүнө алып келип, тамагын берип, бараар жерине жеткиртип койчу экен. Бир ирет Москвада окуп жүргөн кыздын атасы катуу ооруп, үйүнө келатканда Кыргызстанды көздөй самолетко аны менен бир түшүп калат. Мында келгенде Балыкчыга чейин транспорт табылбай, ал кызды шоферуна айтып, үйүнө жеткиртип коюптур. Оштун обкомунда иштегенде Султан Ибраимовду карапайым кишилерден бери баары сыйлашчу дешет. Абышка- кемпир болобу, ким болбосун, ал жолуккан кишинин ал-абалын сурап, сүйлөшүп, эгер кемчил жери болсо, чарба жетекчисине айтып, аны аткартып берчү. Жубайы Рева Касымовна тууралуу да сөз өзгөчө. Ал эл катары пахта теримге чыгат. Боенбой, жоолук салынып, карапайым жүргөн бул мугалимге да баары суктанышчу экен. Областтагы аялдар "сиз келгенде жаныбыз жай алып эле калбадыбы, болбосо чоңдордун аялдарын туурап кийинебиз" деп далай чачылчу элек" дешет. Ал түгүл Борбордук комитетке барганда андагы чоңдордун бири аялын апкелип, "ушул аялдан үлгү алсаң боло" деп мисал кылып көрсөтүптүр. Азыркы чоӊдордун суперлерден чыкпаган жубайларын эстегенде, Султан Ибраимов да карапайым адамдан журт эгеси болсо, жубайы да ага жарашып калыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости