www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мен кен казууда тобокелчиликтер жокко эсе", - деди бүгүн, 3-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Айбек Бусурманкулов.

- Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирди. Ал үчүн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» мамлекеттик ишканасын түзүшүптүр. Эми сөздөн ишке өтүп, өзүбүз кен каза алабызбы?

- Эрте-кечпи Кыргызстандагы кен-байлыктарды өзүбүз иштеткенге жетишишибиз керек. Себеби, кен байлык элдики. Ошон үчүн каймагын башкаларга калпыттырып жибербей пайдасын мамлекет, эл көрүшү керек.

Кен-байлыктарды өзүбүз казуудан кооптонбой койоск деле болот. Мисалы, Өзбекстан дүйнөдөгү эң чоң делген «Мурунтау» деген алтын кенди өздөрү эле казып, мамлекет өзү эле 100% иштетип жатышат. Ошон үчүн биз деле алтын-кендерди каза берсек болот.

- Кыргызстан өз алдынча кен иштетсек, кандай тобокелчилдиктерге кабылышыбыз мүмкүн?

- Мен кен казууда тобокелчиликтер жокко эсе деп ойлойм. Эң негизгиси жетекчиликке иш-билги, мекенчил адамдарды дайындаш керек. Кен казуу биздин да колубуздан толук келет. Кыргызстанда кен казуу боюнча кесипкөй адистер, кызматкерлер толтура. Ошолорду ишке тартыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости