www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадордо төгүлгөн мунайдан улам Амазонка дарыясы коркунучта экени билдирилди.

Эквадор басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, мунайдын төгүлүшү Амазонка токойлорундагы дарыяда болжол менен 300 километрдик аянтка жайылды.

Эквадор Амазонкасынын түпкү улуттары конфедерациясынын вице-президенти Лола Пиягуаже, булгануунун себебинен аймакта жашаган жергиликтүү калктын ден соолугунун коркунучта экенин белгилеп, бийликтен тез чара көрүүнү суранды.

Экологиялык апаат боюнча эскерткен Пиягуаже: "Эквадор мамлекети коюлган талаптарга көңүл бурушу керек, эгер аткарбаса дарыяны тазалоого болгон күчүбүздү жумшайбыз, дарыя түпкүлүктүү элдин бирден-бир байлыгы", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости