www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн серепчилеринин айтымында АКШ доллары 86 сомдон өйдө көтөрүлбөйт. Доллар 84-86 сомдун тегерегинде калкып турат. Андан ташкары серепчилер 2022-2023-жылга да сереп салышты. Алардын айтымында учеттук ставка 7,5-8 пайызда турат. Азыркы учурда инфляциянын деңгээли 5-7 пайыз болуп турганда бул нейтралдуу.

Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына 7,5 млн доллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган  1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүштү 82 сомго, эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге  бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушту. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.

Улуттук банктын сомдун наркын кармап калуу үчүн дагы 55,4 млн долларды интервенция кылганы элдин демин бир аз басып калды. Улуттук банктын доллардын кунун турукташтыруу үчүн жыл башынан берки бир нече жолку интервенциясынын негизинде жүзөгө ашып отурат. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 2021-жылдын аягынан тартып валюталык интервенциясы жүргүзгөн. Акылбек Жапаров  башында турган министрлер кабинетинин иштегени билинбейт. Эгер доллардын кунун кызыл кулактык менен жогорулатууну көздөгөн түйүндөр жаап салышса туура болмок. Элдин суроо-талабын байкап, ага карата доллардын наркын дароо көтөрүп жибергендер көп.  Улуттук банк чыгарган курска көп деле карабай, негизгиси элдин талабына жараша акча алмаштыраргандар толтура. Долларды көбүнчө элдин суроо-талабына карата өйдө-ылдый кылышат. Байкап карасак доллар жок болуп, элдер дүрбөлөң боло баштаганда товардын наркы көтөрүлөт.Кээде банктар бир кишиге миң доллардан гана сатышат. Ал эми бизнесмендер, базарлардан келгендер миң доллардан эмес, 30, 40, 100 миң долларга чейин алат да. Банк бербей атса, айласыздан чайкоочуга барышат. Анан талап көбөйөт, чайкоочулар наркын көтөрүшөт. Улуттук банк 6-ноябрда сомдун наркын кармап калуу үчүн 55,4 млн доллар интервенция жасаганы айтылууда. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 84,80 сом, ал эми сатуу 84,95 сомго чыкты.

Эксперттер да, чайкоочулар да шайлоодон кийин долларга карата сомдун курсунун кулашы дагы тездеши мүмкүн деп жатышат. Анткени шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында саясий партиялар кассада доллар менен каткан акчаларын азыр элге чачып жаткан убак. Ал процесс токтогондо эмне болорун айтыш кыйын.

Кыргыз сому коңшу өлкөлөрдүн улуттук акчаларынын наркы кетип жаткан процесске кошо тартылууда. Өткөн жылдан бери Орусиянын рубли жана Казакстандын теңгеси долларга карата дээрлик 70 пайыз кунун жоготту. Кыргыз сомунун наркынын кемиши өткөн жылы 12 пайыз, бул жылы болсо 16 пайызды түзүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости