www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында жабык турган өткөрмө бекеттерин ачууну сунуштады. Ал буга байланыштуу Жалал-Абад облусундагы эки бекетти айтты.

"Коңшу Өзбекстан Кыргызстан менен абдан жакшы мамиле түзүп келе жатат. Эки эл жакшынакай карым-катнашта болушу үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Сузак районунда Бек-Абад деген бекет бар. Ошол бекетти Өзбекстан тараптан ачууга даяр. Аксы районунда "Нанай" деген бекетти дагы Өзбекстан тарап ачканга даяр. Биз жактан тоскоолдук болуп жатат, ошол бекеттер ачылбай жатат. 2020-жылы Кыргызстанга чет мамлекеттен 2 миллион 200 миң адам кирген болсо ошонун 68% Өзбекстандан келген. Бекеттер ачылса туризм дагы өнүгөт. Фергана өрөөнүндө 11 миллион калк жашайт", — деди Төрөбаев.

Министрлер кабинети, Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тартып ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости