www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Назар ньюс» сайтына берген маегинде Мамат Айбалаев «Разаковдун күнөөсү Мадумаровдукунан кем эмес. Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел жана башка Тажикстан менен чектеш Баткен районунун эли менен прокуратура, ички иштер министри изилдеп, текшерип чыкса, Разаковдун күнөөсү толугу менен аныкталат. Андан башка күнөөсү Ак-Сай эли ворухтуктарды тоскондо, ал жердеги элибизди аттырган» деп айтты.

Баткен эли Жеңиш Разаковдун үстүнөн арызданып, канкакшап айтып эле келе жатышат, бийлик, күч органдары качан көңүл буруп, бул каралбай келаткан маселеге чекит коëт? «Жеңиш Разаков - Тажикстандын шпиону» деген материал «Жаңы ордо» гезитине, андан кийин сайттарга да чыккан.

Биз ошол булактарга таянып жазган маалыматты Жеңиш Разаков танып, «менин ар-намысыма доо кетти» деп сотко берип, сотторду сатып алганбы, айтор, бизди жаманатты кылганга аракет кылды. Бул баягы «осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат» дегендей эле көрүнүш.

Баткен эли «Разаков тажиктерге жерибизди берип жиберген, элибизди коргогон жок» деп эле арызданып келатат. Жеңиш Разаков вице-премьер болуп турганда «кетсин» деп эл митингге чыкканда, «бул акча менен уюштурулган» деп элди күнөөлөп чыккан.

«Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат» деген ушул эмеспи. Баткен элинин датын угуп, УКМК Ж.Разаковдун чек ара боюнча жасаган кылмыш иштерин териштиреби, же ал кыңыр иштер жабылуу бойдон калабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости