www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тамашоу” лигасынын көзгө көрүнүктүү шайыр, таланттуу жигиттеринин бири Жеңиш бүгүн менин маектешим.  

- Жеңиш, “Тамашоу” аркылуу элге таанылдым деп ойлойсуңбу?

- “Тамашоу” аркылуу элге укмуш таанылганым жок. Мен үчүн бир аз кыйын суроо болуп турат. Баарын айтып койсом, “Жеңиш жылдыз болуп кетиптир” деген кептер тарап кетиши мүмкүн. Элге аябай таанылайын деген деле ой жок. Бирок, көпчүлүк адамдар мени жакшы таанышарын билем. Мени таанып калышса, саламдашып калышса, “Сен ким элең? Мени тааныйсыңбы?” деген болбойт. “Аа кандай?” деп аны тааныгансып, саламымды берип, жолума түшөм.

- Бул лигада эмне болуп ойноп калгансың?

- Кичине кезимден тартып теледен КВНди көрүп, кыялданып, оюнчуларын кумир тутуп, суктанып, ойногум келип, “Биринчи каналга чыксам” деп ойлоп койчумун. Бир аз достор менен тамашалашып ойноп калчумун. Бирок, тамаша жаратууга мүмкүнчүлүгүм болчу эмес. Кичине бала болгондуктан дагы команда түзө алгам эмесмин. Мектепти аяктап, 2006-жылы Юридикалык Академияга тапшыргандан тартып, КВН ойноп баштагам. Алгач факультеттер арасында оюн жүрүп, ал жерден үчүнчү орунду алып, кандайдыр бир кызыкчылыктар туулуп, мени курама командага чакырышты. Ал кезде академиянын курама командасына кирүү абдан чоң жетишкендик болчу. “Курамага командага кирдим. Эми мен КВНде ойнойм” деп үйдөгүлөргө, досторго кубанып сүйүнчүлүгөн күндөрүм али да эсимде. Ошол маалда аябай катуу киришип ойноп жүрүп, кийинчерээк КВНге болгон кызыкчылык жоголуп кетти. Бир темпте эле эч бир кылтылдабай кете бердик. Эң башкысы өсүш жок болду. Евгений Акопяндын “КВН Кыргызстанасында” орус тилинде ойноп жүрдүк. Ал убакта ал КВНдин деңгээли абдан күчтүү эле. Ошол эле Эрмек Нурбаев дагы бир топ таанымал жигиттер өзүлөрүнүн командалары менен ойношчу. 2008-жылы “Тамашоу” пайда болуп, ал жердеги “2-рота” деген командага жардам берип жүрдүк. Алар биринчи сезондун чемпиондору аталышты. Финал болоордун алдында “Юрский период” деген команда түзүп, “Мыкты команда” деген номинацияга ээ болгонбуз. Анан “КТРК” каналына оюндар чыга баштагандан кийин баягы кызыкчылыктар ойгонуп калган. Ошондон бери КВНде келе жатам.

- “Тамашоу” аркылуу сенин талантың толук ачылып бүттүбү же биз билбеген дагы сырларың барбы?

- Ооба, жыйырма төрт жашка чыгып, бир топ таланттарым ачылып калды. Бирок, “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп коюп, улам бир сырларыбызды ача беребиз. КВН ойноо менин талантым деп эсептебейм. Бул адамды күлдүрө ала турган өзгөчө бир теория. Себеби, жараткан ар бир тамашаларабыз редактордун текшерүүсүнөн өтөт. Текшерүүдөн өтөөрүн билип, кандай тамашалар жараарын алдын ала билип калганбыз. Ачыла элек бир сырым футболду аябай көп ойнойм. Мээмдеги алтымыш пайыз маалыматтар футбол туурасында. Абдан кызыгып, досторум менен тез-тезден ойноп турам.

 - “Тамашоуго” шок жигиттер келип, кийин тарбияланып намаз окуп калышат дешет. Ички тартип темирдей бекем дегенге ишенсек болобу? Сен кандай тарбия алдың?

- Тартип бекем деген туура. Мен бул лигага келгиче эле тарбиям жакшы болчу. “Тамашоу” жигиттерге абдан чоң талаптарды коёт. “Тамеки чегип, ичкилик иймей жок. Өзүбүздү маданияттуу алып жүрөбүз” деген нерселерди айтышат.

- Намаз окуйсуңбу?

- Жок, азырынча окуй алекмин. Бирок, жакшы ниеттерим бар. Кудай буюрса алдыда окуйм.

- “Мен юристмин. Менде жумуш жок” деп калчу элең. Өзүңдүн кесибиңе тиешелүү жумуш таба албай жүрөсүңбү?

- Жок. Негизи көпчүлүк юристтер жумуш таппай калышат го... Ошого байланыштуу эле тамашалап айтып калчумун. Кесибиме байлашытуу жумуш издесем деле болмок. Бирок, өзүм издеген жокмун. Эч кимден иште деген сунуш болгон жок. Мектепте окуп жатканда келечекте ким болоорумду билчү эмесмин. Ал тууралуу ойлонгум деле келчү эмес. Бул окуу жайга кокустан эле тапшырып калгам. Бала кезимде Талас жергесине көп каттап калдым. Ал жерден бажы кызматкерлерин барган сайын көрүп, пара алгандарын билип, ошондой кийин “Ии мен деле бажы кызматкери болсом, акча алат турбаймынбы. Бай болот экенмин” деген ой менен тапшыргам. Студент болгондо КВН менен жашап калдым. Ошону менен окууну деле кыйраткан жокмун. “Мыкты билим алдым” деп деле айтпайм.

 - Сени айланаңдагылар “Чыныгы жашоодо сахнадагы Жеңиш жок. Ал бой көтөргөн, теңсинбеген жигит” деп сүрөттөшөт. Чыныгы жүзүң кандай?

- Туура жашоодо алар сүрөттөгөндөй эле болушум керек. Эгер чыныгы жашоомдо дагы өзүмдү тамашоудогудай шайыр алып жүрсөм, анда элдер кайра айтат “Иий ушул жигит несерьёзный экен. Ушундай дагы болобу?” дешет. Сахна адамдын талантын көрсөтүү үчүн керек. Ошол үчүн сахна. Жашоодо эң биринчиден аябай жөнөкөй, токтоо, көп сүйлөбөгөн, көп жерден уялчаак жигитмин. Бул сапаттарым менин көйгөйлөрүм. Бирок, бой көтөрүү, теңсинбөө деген нерсе жок.  Бой көтөргөн адамдарды көрүп, өзүмө-өзүм күзгү болуп, баарын түшүнүп турам. Чыныгы жүзүм ушундай...

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости