www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө ичинде Дутерте президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин конституцияны өзгөртүп, бийлигин сактап калууга аракет кылат деген сөздөр тараган

Филиппиндин президенти Родриге Дутерте эгер ал конституцияны бузуп, бийликте белгиленген мөөнөттөн көп калууга ниеттенсе атып салууну аскерлерге буюрду. Бул тууралуу Rappler.com порталы билдирди.

"Эгер мен бийликте белгиленген мөөнөттөн көп калууга ниеттенип, диктатор болууга аракет кылсам мени атып салгыла. Тамашалаган жокмун. Эгер бийликте бир күн дагы ашык отурсам Филиппиндин куралдуу күчтөрүн жана улуттук полицияны конституцияны сактоого чакырам", — деген пикирин Дутерте аскер базасына барганда билдирди.

Басылманын белгилешинче калк арасында Дутерте 2022-жылы президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин конституцияга өзгөртүү киргизип, бийлигин сактап калууга аракет кылат деген сөздөр тарап кеткен.

Филиппиндин президенти 2016-жылы май айында өлкө башчылыкка шайланган. Ал баңгизатына көз каранды болгон жана аны тараткан кишилерге каршы күрөш баштаган. Полициянын маалыматына ылайык, Дутерте бийликке келгенден бери баңгизатын сатууга катыштыгы бар болгон 2,4 миң киши жок кылынган. Дүйнө коомчулугу Дутертенин бул аракетин кескин сынга алган.

Булак: "Спутник"

Последние новости