www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан 3 ай мурда уксус ичип каза болду делген 30 жаштагы келиндин ата-энеси кызы сабалганын айтып чыгышты. Маркумдун атасы Мидин Темирбаев андан бери арыз-даттанууларды жазып, тиешелүү органдарга кайрылып жүргөнүн бүгүн, 23-январда аймактык кабарчыга билдирген.

2017-жылдын 28-октябрында Ош облустук ооруканасында 4 күн жаткан 30 жаштагы Тунук Темирбаева каза болгон. Анын өлүмүнө уксус себеп болуп, организми ууланганы айтылган. Бирок анын уксус ичип каза болгонуна ата-энеси ишенбейт.

«Кызымды сабап өлтүрүшкөн. Буга бизде фактылар бар. Милицияга (Кара-Суу РИИБ) эки жолу арыздансам да карабай койду. Кызым сабалганын көп айтчу. Ошол учурда да кызымды сабашкан. Кылмышты жашыруу максатында уксус ичти кылып коюшту. Кызым ооруканада жатып, эсине бир келгенде сабагандыгы тууралуу айткан экен. Азыр жактоочу жардам бере баштады. Бул иштин аягына чыкпасам кызымды сабагандар жоопкерчиликке тартылбай калат», - деди М.Темирбаев.

30 жаштагы келин Кара-Суу районунун жашоочусуна турмушка чыккан. Өзү Кадамжай районунун кызы. Анын артында эки кызы калды.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости