www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

Унгар-Тоо биздин жер! Унгар-Тоо жана Сох боюнча Протоколдорду көргөзгүлө!

2016-жылы КР Премьер-министри Т.Сариев Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жайгашкан Унгар-Тоону Өзбек Республикасына таандык жана тоонун үстүндөгү радиорелейный станцияны жылдыруу боюнча Протоколго кол коюп, жергиликтүү Кеңештин кароосуна киргизүү менен чоң чырдын башы башталган. 2016-ж. март айынын этегинде Унгар-Тоого Өзбекстандын аскерлери кирип, Ала-Букага кетчү жолду бууп, постторду коюшкан. Дал ошол күндөрү биз барып, жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана Кербен шаарынын мэри менен кезигип, Т.Сариев кол койгон Протокол оригинал экенин далилдеп келгенбиз. Аталган Унгар-Тоо байыртадан кыргызга тийиштүү кыргыздын жери. Т.Сариевдин катачылыгын жашыруу максатында Протокол жазалган деген маалымат чыгарышып, Өзбек мамлекетине уят болбойлу деп жашырышкан. Эми жер биздики деп ЖК менен Президент ошол кезде тастыктагандан кийин, Т.Сариев боюнча материалдар көмүскөдө калганы чын жана Сариевдин премьерликтен кетүү негизги себептеринин бири Протокол болгон.

https://knews.kg/.../deputaty-kerbenskogo-gorkenesha.../

Баары бүттү деп отурсак, мынтип Өзбек мамлекети Унгар-Тоону бизге берип жатат деген маалыматты Президенттин маалымат катчылыгы таркатканы түшүнүксүз жана көптөгөн күмөн ойлорду жаратат. Андыктан, бийлик төбөлдөрү тактап, тастыктап, элге толук маалымат бергиле! Төмөндөгү видеодо Кербен шаарынын депутаттары жана шаар мэри Унгар-Тоо боюнча биздики экенин тастыктап, айтып турганы көрсөтүлөт.

Ал эми, Сох боюнча эки сөз айтпасак болбойт. Сох анклавына эгерде Кыргыз тарап коридор ачып бере турган болсо, Баткен жана Лейлек райондору анклавда калуу коркунучу бар. 2013-2015-жж. Сохту айланып өтүү жолу бекеринен салынган эмес экенин эске алганда, Сох боюнча маселени өтө этияттык менен чечиш керек. Учурунда Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков мындай опурталдуу ишке барган эмес. Эгерде бийлик коридор бере турган болсо, кандай шартта, эмненин негизинде экенин түшүндүрүп берсин. Сох президенттин чекесине жаман мөөр басат, ал тарыхта жаман ат менен калат.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Сиз эмне себептен делегациянын курамында жоксуз? Сиз сүйлөшүүлөр кандай жүргөнү боюнча маалыматыңыз барбы? Өзүңүздүн оюңузду билдирет деп ишенем!

Тарыхый далилдер:

Совет өкмөтү түзүлүп, жаңы заман келгенде – 1924-жылы улуттук аймактык жер бөлүштүрүү процесси башталган. Ал кезде биз Россия Федерациясынын автономиясында болгонбуз. Дал ошол автономиялык аймактын чек арасын тактап жаткан учурда комиссиянын курамында Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн бир дагы расмий мүчө болгон эмес. Бул ишке белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун иниси Токо Абдырахманов (27 жашында атылып кеткен) айрым сүйлөшүүлөргө расмий эмес болсо да катышкан экен. Бирок ал кишиде чечүүчү добуш болгон эмес. Дал ошол 1924-жылкы иштин жыйынтыгы менен 1925-жылы март айында комиссия “чек ара түзүлдү” деп Борбордук аткаруу комитетине жөнөткөн. Аткаруу комитети ошол чек араны бекиткен. Бул жылдагы чек ара боюнча биздин бир топ жерлерибиз кошуналаш Өзбекстан тарапка өтүп кеткен. Ошон үчүн Өзбекстан дал ошол 1924-жылдагы комиссиянын чечимин негиз кылып алалы деген позицияны карманып келет. Бирок биздеги коомдук ишмерлер Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыковдор бул чек ара туура эмес чечилгенин айтып, жогорку жакка кайра-кайра жазып, бир нече жолу паритеттик комиссия түзүлөт. Бирок ал комиссиялар жакшы иш алып барбай отуруп, 1955-жылдагы түзүлгөн паритеттик комиссия бир топ алгылыктуу иштерди алып барат. Буга ылайык, 1924-жылы кошуналарга өтүп кеткен жерлерибиз кайра Кыргызстандыкы деп жазылган. Кыргызстан дал ушул 1955-жылкы комиссиянын чечимин негиз кылып алыш керек деген позицияны карманып келет.

Унгар-Тоо биздики, кайра эле өзүбүзгө берип далыга чаап кетирди!

Балким, биздин аталышта Орто-Токой, картада Касан-Сай суу сактагычы менен макулдашуу болгондур. Бул суу сактагыч Кыргызстандын аймагында СССРдин учурунда Өзбекстандын Наманган облусунун пахта талааларын сугаруу максатында курулган экен. Азыр деле суу сактагычтан чыккан сууну Өзбекстан пайдаланып келет. Буга чейин кыргыз чек арачылары суу сактагычка кирген жолго блокпост орнотуп, андан улам эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып келген. Эгерде Кыргызстан бул суу сактагычтан Өзбекстан тарапка суу бербей койсо, анда кошуналардын көп сугат жерлери сугарылбай калат.

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров

Урматым менен Жеңиш Молдокматов

Последние новости