www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Чек ара кызматына таандык деп болжолдонгон Ан-26 учагы Алматы аэропортуна конуп жатып кырсыкка учурады.

«Бүгүн, болжол менен саат 17.20да (Москва убактысы боюнча 14.20), Алматы аэропортуна конуу маалында, Нур-Султан - Алматы каттамы боюнча Ан-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Дароо коңгуроо жарыяланып, аэропорттун авариялык абалы кызматтары окуя болгон жерге барышкан. Алдын ала маалымат боюнча, учак учуп-конуу тилкесинин аягында кулап түшкөн», - деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.

Ал эми Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына таандык экендигин тактап, анын ичинде алты адам болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, учакта алты адам болгону айтылууда. Азыркы тапта алардын абалы такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости