www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын маркум президентинин тун кызы Гүлнара Каримова абактан өзүнүн жазган ырларын салып жиберген. Бул тууралуу кызы Иман Каримова өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Имандын айтымында, ал боштондукка чыккан аялдар аркылуу апасынан кабар алган.

"Жакында КИН-21 абагынан бошотулган эр жүрөк аялдардын жардамы менен биз апабыздын, ден-соолугунун абалы жана ушул ырды жазган каты аркылуу бир аз болсо да маалымат ала алдык. Тилекке каршы, ал менен эч кандай байланышыбыз жок: каттарыбыз которулбайт,жактоочулардын киришине, жада калса телефон чалууларга да тыюу салынган.

Бул ырда анын сезимдери жана жан дүйнөсү чагылдырылган. Адамдар түрмөлөрдө, айрыкча Өзбекстанда мыйзамдуулук сакталбаган абалда эмне болуп жаткандыгын элестетүү жана ойлонуу чынында эле коркунучтуу", - деп жазган ал.

https://data.kaktus.media/image/big/2021-03-13_17-55-09_268440.jpg

Эске салсак, Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун тун кызы Ташкенттин жанындагы номур 21 аялдар колониясында жазасын өтөп жатат. Ал мамлекеттин мүлкүн уурдоо, салык төлөөдөн качуу, опузалап талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Март айында Өзбекстандын Жогорку Соту Гүлнара Каримова уюшкан кылмыштуу топту уюштургандыгы, пара талап кылгандыгы жана алдамчылык кылгандыгы үчүн 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости