www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеңишбек Эдигеев, Мелис Эшимканов тууралуу жазылган көк дептерин барактады. Дептерде катылган сырларды окурмандарга жарыя кылууну чечтик.
Ысык-Көл. Бир жылы жээкте олтуруп Мелис байке Эшимканов айтты: суудан өлө корком эй. Ажалым суудан болобу деп ойлоп коем... деп. Бирок көл Мелис байкеге “тийген” жок. А көл жамынып калгандар эч качан аны, сууну ойлошпосо керек... Жолон жазган: “...белгисиз бир күндүн колунда, Кылыч турат бизди мойсоочу...” деп. Андыктан көп ойлонбо бака, акыры саз биздики болоор...
Мелис байке турмушундагы ар кандай кырдаалдарды гезитке кээде жарыялап калаар эле. Бир күнү минтип жазды: “Нарында жүрсөм бир жигит чалат. Байке аянттан ГАИлер кармап алды. Эмне кылаарымды билбей сиздин номуруңуз бар экен, сиз мени тааныбасаңыз да чалып атам, жардам берип коюңузчу деп. Эмне дээримди билбей “берчи трубканы” дедим да ГАИчиден аябай өтүнсөм “сизди сыйлаган үчүн” деп кое берип жиберди. Ушунума корстон болуп калдым деп... Бирөөнү балээден куткарып калсак баарыбыз эле корстон болуп калсак керек эле...
Ар бир адамда тоо томкорчу касиет болот дейт. А биз аны жакшы жаман аракетибиз менен анан да жакшы жаман ниетибиз менен бир ачып кайра жаап салып турабыз....
Кызыктуу заманда жашап атабыз. Азыркы соцтармактар менен жакшыңды да жаманыңды да көз ачып жумганча элге жеткирип “жылдыз” боло аласың.
Кызыктуу заманда жашап атабыз. Интернеттин жана жаңы технологиянын арты менен ар бир адам миң кырдуу кесипти кошуп универсалдуулукка жетишсең болот.
Кызыктуу заманда жашап атабыз. Ааламдашуунун жана демократиянын арты менен жыртык тепшиңди эртеси эле ак сарайга алмаштырып, жан көрбөгөн жылтыр көзүңдү эртеси эле баатыр кылып тааныта аласың...
Кызыктуу заманда жашап жатабыз. Диниңди, улутуңду, жынысыңды, досуңду, ата-энеңди, мекениңди, элиңди оңой эле алмаштырып, сатып, кол шилтеп туруп басып кеткен...
Мен турмушта өз ордумду таптым дешет.... а таба элекмин деп изденип, чуркап жүргөндөрдү сыйлагым келет.
Жакшы пьесаны жүз жыл ичинде жүз режиссер жүз түрдүүчө коер. А кино бир ирет тартылат. Экөөнүн бактысы ушунда экен.
Жазуу менен адамдарды көп күлдүрүп, көп ыйлатсак мейли, жашообузда ыйлатпайлы.
Чыккан китеп – бул али адабият эмес. Анткени адабият колго гана кармалбай, жүрөктү ээлеп жашашы керек.
Түбөлүк тема деген бул Кудайдын бар же жок экениби. Өлүмдөн кийин да жашоонун болоор-болбосубу, Адамзат жашоосунан башка да акыл-эстин бар же жоктугубу, бейиш менен тозоктун чындыгыбы? Түбөлүк тема деген бул сүйүүбү, достукпу, адам болуубу, саткындык же жашоодогу бийиктиктерби..... Буларга жооп ар түркүн болгон үчүн же такыр болбогон үчүн да бу күрөш улана берет. Жазганга тема жок калбайт. Жаратмандык ушуну менен да ажайыптыр...
Адамзат материалдык кызыкчылыкты жойгон, жер, аба, сууну тескеген жаңы эреже таап алса анда дүйнөдө согуш токтоп, тынчтык өкүм сүрүп калаар беле десем, эки эл бир кыз үчүн да согуша берчү эми да кыргын себеп табыла берээр деди экинчи оюм...
Биз жакшы жашоого, жакшы ата-эне, жакшы дос болууга анан да жакшы жазууга милдеттүүбүз.
Кээде далыга көз бүтүп, бир ишке дилетант экениңе да сыр бербей аткарып кеткен кездер келет...
Француздардын атактуу актеру Ален Делон аткарган ролдорунда 27 жолу өлүптүр, 36 жолу үйлөнүптүр. Жашоосунда 30 ит багып аларды акыркы сапарга узатыптыр. Актер Швейцариянын жарандыгын алган жана Женева шаарында дал биз жашаган райондо үйү бар дешет. Ким билет, бул жактан дүйнөлүк атактууларга нан саткан дүкөндөн деле жолугуп калышың толук мүмкүн. Сүрөт: Мелис Эшимканов. “Агым” гезитинин редакциясы. 2004-жыл. Тарткан - мен.
Макала Жеңишбек Эдигеевдин Фейсбук баракчасынан алынды.
Булак: NazarNews.kg