www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кыргыз шоу-бизнеси жаңы “аткаруучулуларга” байма-бай толукталып турган кези. Илгери түкүрсөң юрист же экономистке түшсө эми ырчыларга кезек келди. Үнү бары деле, жогу деле, сулуусу деле, сулуу эмеси деле эптеп-септеп ырдап чыгышууда. Ушундай саны бар сапаты жок “аткаруучулар” тууралуу журналист Назира Бегим жакында курч оюн билдирди.

“Ырчылар темасын улай. Азыркы аткаруучулар жаштар, кыздарды мен стриптизершалардай эле көрөм. Клиптеринде шалтактап боенушуп, сыйпаланып, ойдолонуп бийлешет. Же анысы жарашса, жее ырдын маанисине уйкаш болсочу... Негизи ырчы деп аталууга алардын укугу жок. Жөн гана аткаруучулар. Ырчылар, жандуу, келишимдүү ырдаган өнөр адамдары! Ошо, аткаруучу-стриптизершалар ордуңарды билгиле!-”, деп билдирген.

Саресеп салып карасаң чындыгында ошондой. Балким учурда ошолордун доору. Бирок алардын доору бүткөнчө кыргыз кызынын намысы толук тепселенип калбайбы деген ой келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости