www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп күйөөгө бир аял

Көп күйөөгө тийүү Тибетте мурдатан бери колдонулуп келет. Бул кадамга баруунун себеби, кедей үй-бүлөлөр бир келин үчүн эле калың төлөөгө чамасы жетишип, аны бардык балдарынын аялы кылып коюшат.

Көп күйөөгө тийүү тууралуу 3 кызыктуу факт:

1) Никесиз бойго бүтүү

Көп күйөөгө тийүү жана Тибеттеги монахтардын никесиз болуусу кыздар арасындагы атаандаштыкты пайда кылып, ойлонбостон эле никеси жок интимдик катнашка барууну күчөтүүдө. Эгер турмушка чыга элек кыздын боюна бүтсө, анын атасы бала төрөлгөнгө чейинки жана андан кийинки 2 жума кыздын үй-бүлөсүнө иштеп берүүсү шарт. Иштеп берген соң бул жигит бошотулат, а наристени кыздын үй-бүлөсү өздөрү багып чоңойтушат.   

2) Бир аял бардык бир туугандар үчүн

Тибетте мүлктүн баарын ээлеп калуучу улуу уулуна эле үйлөнүүгө уруксат берилет, а кичүүлөрү жөн гана бул никенин мүчөлөрү болушат. Бир туугандар чарбачылыкты чогуу жүргүзүшүп, ал эми төшөк маселесине келгенде алар кезекке турушат.

3) Ойношу канча көп болсо, ошончо жакшы

Көптөгөн тибеттик кыздар моюндарына ойношторун билдирген атайын тыйындардан куралган тагынчак тагынып жүрүшөт. Тыйындар канчалык аз болсо – кыздын эркектер арасында аброю төмөн болуп, турмушка чыгуу мүмкүнчүлүгү азаят. Чет элдик эркектер менен роман түзүү аябай бааланат жана аны тагынчагында баалуу таштар менен белгилеп көрсөтүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости