www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркутск облустук соту аялы менен бир жарым жаштагы баласын бычактап өлтүргөн тажик жараны Файзиддин Хабибуллоевди 20 жылга эркинен ажыратты.

Соттун материалдарына ылайык, окуя быйыл 13-мартта болгон: 26 жаштагы Хабибуллоев кызганычтан улам орус аялын жана баласын бычактаган. Соттун чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт.

Полиция кызматкерлеринин эсеби боюнча Хабибуллоев баласына 20 жана аялына 69 жолу бычак сайган. Ал окуя болгон күндүн эртеси кармалган.

​Жергиликтүү ЖМКлар Хабибуллоев баласынын көзү көк болгондуктан, аялы аны башкадан төрөгөн деп шектенген. «Байкал 24» агенттигинин маалыматына караганда, 15-сентябрдагы алгачкы сот отурумунда Хабибуллоев аларды кантип өлтүргөнү эсинде жок экенин билдирген. Соттук-медициналык экспертиза анын акыл-эси ордунда деп тапкан.

Тажиктердин Иркутсктагы «Мекендештер» коомунун төрагасы Муриват Маликшоев Хабибулоев менен жакшы тааныш болгон. «Кармалгандан кийин Файзиддин күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, аялын өлтүрүп, бирок баласына тийбегенин билдирди», — деди ал.

Маликшоевдун айтымында, Файзиддин Иркутска бир нече жыл мурда барган жана курулушта иштеп жүргөн. Кийин курулуш фирмасын негиздеп, тажик жаштарын жумушка алган. Аялы Наталья ислам динин кабыл алгандыктан, баласы экөөнүн сөөгү Иркутстагы мусулмандардын мүрзөсүнө коюлду.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости