www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
— Бишкек шаары
Октябрь райондук сотуна:
Жарматова Айдай Жарматовна;
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
Свердлов райондук сотуна:
Абыкеев Таалайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна;
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.
Ленин райондук сотуна:
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
Тентимишов Марлен Бактыгулович.
— Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук сотуна;
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
— Нарын облусу:
Нарын облустук сотуна:
Алыбаев Замир Эрнисбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КР Президентинин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg