www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажылык тариздөө боюнча коррупциялык схема аныкталды.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыктарды көздөп, РКнын жана КРнын кээ бир жарандары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келген, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен импорттук жана бажылык тариздөө боюнча мыйзамсыз канал түзүшкөн.
Тактап айтканда, ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери тарабынан Казакстан Республикасынын Мамлекеттик бажы декларациясынын негизинде 2009-жылы чыгарылган “Вольво ФН480” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катталган. Улуттук банкынын курсу боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген 16 миң доллардын, башкача айтканда, 1 миллион 400 миң сомдун ордуна Мамлекеттик бажы декларациясынын маалыматы боюнча, бажы алымынын суммасы 1 230 долларын (105 850 сом) түзгөн.
Ошол эле учурда, 2022-жылдын январынан майына чейинки мезгилде эле аталган коррупциялык схема менен Кыргыз Республикасынын аймагына 300дөн ашык жүк ташуучу унаалар алынып келинип, каттоодон өткөн.
Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын, кызмат адамдарынын катышуусун, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg