www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйынга төрагалык кылган Таджикистан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонго
ЖККУнун башка мүчө-мамлекеттеринин жетекчилерине берип коюу суранычы менен

ЖККУнун мүчө-мамлекеттеринин жетекчилерине

Урматтуу төрага Эмомали Шарипович! 
ЖККУнун мүчө-мамлекеттеринин урматтуу жетекчилери!

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» деп аталган элдик кыймылдын Координациялык кеңеши жана Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети ЖККУнун мүчө-мамлекеттеринин жетекчилеринин кезектеги жыйынына чын жүрөктөн ысык салам жолдойт жана дүйнөдөгү азыркы туруксуз абалда ишиңердин үзүрлүү болушун каалайт! Сиздердин достук маанайдагы жана бирдиктүү ишиңерден бүткүл постсоветтик аймакта жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү стабилдүүлүк көз каранды.

Ооганстандагы абалдын келечеги бүдөмүк. Кээ бир эксперттер – Талибандан эч деле коркунуч жок, анткени алар өз иши менен алек жана алардын аракеттери Ооганстандын чегинен чыкпайт дегени менен, өлкөдө Талибанга баш ийбеген көптөгөн экстремисттик исламдык топтор бар. Алар – Аль-Каида, ИГИЛ, Жебхат ан-Нусра, Хизб ут-Тахрир, салафиттер жана башкалар. Анын үстүнө, талибдер азыр эң алдыңкы үлгүдөгү америкалык куралга да ээ болду. Ооганстан бүгүнкү күндө тонналаган баңги зат менен кошо миллиондогон жакыр жана жумушсуздарга толгон. Көптөгөн жылдар бою аларга каршы зомбулук болуп келгендиктен, бул эбегейсиз адамдык күч, өз кезегинде, агрессияга толгон.

Урматтуу мамлекет жетекчилери! Ошону менен катар бизди океандын ары жагынан чыккан өтө агрессивдүү сырткы күчтөр дагы курчап турат. Биз ага туруштук берип, өз элибиз менен мамлекеттерибизди сактап калыш керекпиз. Ишти өзүбүздөн бапштайлы!

Биз боордош республикаларбыз, биздин элдерди арасында байыркы да, азыркы да тууганчылык мамилелер чырмап турат. Тилекке каршы, ЖККУ бар болгону менен, жакында эле Кыргызстан менен Тажикстан, Азербайжан менен Армения чек арасында аскерий конфликттер болуп кетти, Белоруссияда болсо батыштык чалгындоо кызматтары көптөгөн айдан бери провокация уюштуруп жатат. Баардык жерде, баардык республикалардагы окуяларга Батыштын чалгындоо кызматтарынын түйүндөрү катышкан жана биз анын алдын ала алган жокпуз, анткени ага тийиштүү көңүл бурган эмеспиз – биз 30 жылдан бери алар менен жанаша тынч жана сабырдуу жашаганга көнүп калганбыз. Бирок азыр, мүмкүн, ЖККУ коркунучтуу чектин алдында турат. Кийинки кадам – биздин мамлекеттерди жана деги эле Чыгыш цивилизациясын жок кылуу болот, ошондуктан биздин аймактагы Батыштын чалгындоо кызматтарынын түйүндөрүн жок кылуу керек.

ЖККУга биз кайраттуу болууну, эмгегинин үзүрүн көрүүнү, уламдан ары фашисттик болуп бараткан Батыштын аша чапкан күчтөрүнүн аракеттеринин алдын алууну каалайбыз. 

Сиздерди терең урматтоо менен баарыңарга, силердин элдер менен мамимлекеттериңерге бакыт, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм! Баарыңарга жана советтик элдерге улуу достук, ал эми куралдуу күчтөргө кубаттуулук тилейм! ЖККУ мамлекеттери бирдиктүү болсо, ошондо биз күчтүү болобуз!

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» элдик кыймылдын Координациялык кеңеши
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» элдик кыймылдын Координациялык кеңешинин төрайымы,
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы профессор Клара Ажыбекова.

Дүйшөмбү шаары
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына
2021-жылдын 17-сентябры

Булак: NazarNews.kg

Последние новости