www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоголгон урналардын 45и Ак үйдөн табылды

Парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда 130дай таштанды урнасы жоголгон. Анын 45и Ак үйдөн табылды. Калган урналар изделүүдө. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте таштанды урналарын өрттөп, дөнгөлөктөрүн талкалап, уурдап кеткен учурлар арбын. Буга байланыштуу 2021-жылы урна сатып алуу пландалууда. Себеби калаага 1500 урна жетишсиз.

Таштанды үчүн ай сайын киши башына 22 сом 50 тыйындан алынат, аны да төлөбөй жүргөндөр көп. «Тазалык» калаадагы 29 калктуу конушта таштандыларды ташып кетүү иштерин жүргүзөт. Калган конуштарды жеке менчик формалар тейлейт.

Мындан сырткары «Тазалык» мыйзамсыз курулган объектилерди бузууга, көчүрүүгө жылына 8 млн сомдой каражат жумшайт. Ал эми атылган ар бир ит үчүн ит атарларга 270 сомдон төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости