www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин 2-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-марты күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат. Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн жыйынында Өкмөттүн бул маселе боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган. Андан тышкары, Өкмөткө кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмаларды берген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости