www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш 10,4 млн сомго компьютерлерди сатып алат

Жогорку Кеңеш 10,4 миллион сомго компьютерлерди сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.

Маалыматка караганда, сатып алуунун жалпы суммасы 14 миллион 610 миң сомду түзөт.

Парламент 130 персоналдык компьютерден тышкары 2,2 миллион сомго көп функционалдуу 100 аппараттарды (принтер-сканер-көчүрмө), 910 миң сомго 50 принтер жана 1,1 миллион сомго 20 сканер сатып алат.

Белгиленгендей, келишим түзүлгөндөн кийин компьютерлер 60 күндүн ичинде, калган жабдуулар 20 күндөн кийин жеткирилиши керек.

Последние новости