www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жана РФ лидерлеринин баарлашуусунун чоо-жайы ушул тапта кызуу талкууда. Андай талкуулар дагы узакка уланарын боолголойт Давид Нармания. Серепчинин учкай ой толгоосун РИА Новости сайты жарыялаган.

Кайсы бир мааниде бул аптада Москва эки эрктүү киши кезиккенин, Россия да, Кытай да азыркы дүйнө түзүмүнө чакырык таштап турганын айтууга болот. Күнү бүтүп бараткан тартипке альтернативаны – дүйнөлүк коомчулук кандай уюштурулууга тийиш экенин көзгө сайып көрсөтүп жатышкан өңдүү.

Албетте, мындай кадамдар дүйнөгө үстөмдүк кылууга кынык алгандарга — АКШ менен анын европалык союздаштарына жакпасы түшүнүктүү. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө жолтоо кылып, жаңылыктар түрмөгүнөн бул сапар тууралуу кабарларды эптеп сүрүп чыгарууга тырышкандарычы?! Адегенде россиялык президентти балдарды уурдоого айыптап чыгышты. Чындыгында ал балдар ок жаап жаткан жерден коопсуз жайга көчүрүлгөн. Югославия, Ирак, Ливия, Сирияда (тизмени уланта берүүгө болот) кимдир бирөөнү гумандуулугу жетишсиз деп күнөөлөсө жарашат. Батыш өлүмгө түртүп ташта кете берчү балдарды Россия аман алып калууга жан үрөйт.

Анткен менен андай жосунсуз жоруктардын баары Си Цзиньпиндин сапарына тоскоол боло албады. Эл аралык сотту Кытай да, Россия да, ал тургай АКШнын өзү да тоготпойт. Ошондо андан да бир кызык кадамга барышты. Киевге жарыяланбаган сапары менен япониялык премьер Фумио Кисида келбеспи. Чыгыштан келген бир мейман менен экинчисин салмактоого жасалган аракет дегеле орунсуз болду. Анан да, Пекинге дагы бир америкалык желдет ага жанаша экенин ачык эле эскерткендей.

Эми мындан артык аракеттерге барбастыр деп турганда Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Аннабель Голди Украина Куралдуу күчтөрүн акталган уран кошулган дүрмөттөр менен жабдый турганын билдирди. Кытайдын тынчтык демилгесине түз жооп кайтарылгандай эле көрүнүш болду. Башкача айтканда Батыш согушту самап тургандай элес калтырды. Баарынан да кызыгы, киевдик бийлик Си Цзиньпинге телефон чалууга тырышты.

Последние новости