www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатуучу жаран каралды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы баңгизатты сатууга шектүү катары 60 жаштагы жаранды кармаган. Андан жалпы 20 кг нашаа («афган чарс») баңгизаты алынган.

«7-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектин Курманжан Датка жана Волховская көчөлөрүнүн кесилишинен 1963-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан салмагы 8 кг нашаа (ооган чарсы) баңгизаты алынган.

Кармалган А.Б. жашаган жеринде ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө дагы 12 кг нашаа (ооган чарсы) баңгизаты табылып, алынган», — деп айтылат маалыматта.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости