www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Алтынбек Рысбековду Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, депутаттар анын талапкерлигин колдошту.
Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырып, талкуунун жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 10-июнунда Президенттин жарлыгы менен Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Андан кийин анын талапкерлиги министрлик кызматка бекитүү үчүн парламенттин кароосуна киргизилген.
Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жаңы жетекчини Энергетика министрлигинин жамаатына тааныштырып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген.
Алтынбек Рысбеков жогорку техникалык билимге ээ, «инженер-энергетик» адистиги боюнча окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган. Анын энергетика тармагындагы эмгек тажрыйбасы 26 жылдан ашат.
Жаңы кызматка чейин ал энергетика министринин орун басары болуп иштеп, буга чейин «Улуттук электр тармагы» ААКсын жетектеген. Ошондой эле энергетикалык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана тармакты реформалоо иштерине активдүү катышып келген.
Маалыматка ылайык, жаңы министрдин дайындалышы энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.