www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-январда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  “Жаңы процессуалдык фигура – тергөө судьясынын бир жылдагы иштеринин жыйынтыктары” темасындагы ExpertCafe  болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары Качыке Эсенканов, Жаныл Мамбеталы, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жамиля Сабитова, Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Нурлан Аджибеков жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы Бекболот Джаналиевдер катышышты.

Жолугушууда судьялар соттук контроль жүргүзүүдө тергөө судьясы жазык сот өндүрүшүндөгү тараптардын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине (аракетсиздик) жана чечимдерине карата даттанууларды да карай тургандыгын айтышты.

2019-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордогу судьялардын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү КРнын Мыйзамына ылайык сот корпусунун штаты кошумча 56 судьялык штаттык бирдигине көбөйгөн.

Жогорку соттун судьясы Качыке Эсенкановдун айтымына караганда,  2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында  соттук практканы жалпылоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму “Сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьяларынын соттук контроль жүргүзүшү боюнча соттук практиканын кээ бир маселелери жөнүндө” №14 токтомун, ал эми 2019-жылдын 13-сентябрында “Кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жана бөгөт коюу чарасы тууралуу жазык-процесстик мыйзамдарды соттор тарабынан колдонуу тажрыйбасы жөнүндө” токтомун кабыл алган.

Ал эми Жогорку соттун судьясы Жаныл Мамбеталы азыркы күндө соттук практиканы жалпылоо гана эмес, тергөө судьяларын тынымсыз окутуулар жүргүзүлүп, жергиликтүү сотторго методикалык жана тажрыйбалык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 9 айында  жалпы республика боюнча тергөө судьяллары тарабынан  21 923 соттук материал  каралган. Алар көбүнчө камака алуу, алып коюу жана тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө, атайын тергөө амалдарын жүргүзүү, мүлккө камак салуу сыяктуу соттук материалдар.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости