www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-январь күнү улуттук филармониянын чоң залында жалпы журтчулукка жакшы резонанс тартуулап, көптөгөн көрүүчүлөрдүн суроолору боюнча КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жетектеген Эстебес Турсуналиев атындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунун «Катын калп айтпайт, каңырыш угат, а эркектерчи?» аттуу театралдаштырылган чоң программадагы концерти болуп өттү. Концертке күтүүсүздөн КР президенти Сооронбай Жээнбеков келди. Кыргызда «темене берип, төө алат» дегендей, камчы тартууга ажобуз өз ырымын кылды. Биз бул боюнча топтун дастанчысы Өмүрзак Кайыповдун кебин уктук.

– Бул концерт мындан эки жыл мурун даярдалган эле. Катардагы «Баланчаев ырдайт, Түкүнчеев дастан айтат», анан кимдин колу бош болсо ырдап кете берчү концерттерден айырмасы бар болчу. Атайын ой чогултуп, жамааттын кеңешинде сценарий жазылган. Аны кадимки кыргыздын эрке уулу, таланттуу акын Аалы Туткучев жазган. Сахнага алып чыгуусу да жөн эмес, театралдаштырылган. Баардык жагынан тыкан каралып, тандалып алынган чыгармалар, коомдо дээрлик болуп аткан көйгөйлөрдүн баардыгы чагылдырылган. Көрөрмандарга бир башкача ыкма менен берүүнү эп көргөнбүз. Ал кандай ыкма? Биздин жамаатта бир да куудул болбосо да, юмор менен, элди күлдүрүү менен.

Эл биринчи концертибизде эле жакшы кабыл алып, шатыра-шатман жыргап отурду. Кечээки ажобуз катышкан концертке чейин 8-9 жолу сахнага коюптурбуз. Ал эми 18-январда соңкусу болду. Билеттер үч күн калганда эле сатылып кеткени кабарланып, кошумча 60тай орундук коюлуп, анын билеттери да эки күн мурун жок калды. Концертке өлкө башчысы Сооронбай Шарипович келип каларынан маалымат жок болчу. 18:30да концертибизди баштамакпыз, 18:27де президент залга кирип келди. Концертке келип жүргөндөр билишет, сценарий боюнча келген көрөрмандардын арасынан биздин жамааттын атынан кыргыздын салтына ылайык залда отурган көрөрмандын бирөөсүнө камчы тапшырылат. Ошол күнү Өскөн Дүйшөнбиев ажобузга камчы тартуу кылды. Сооронбай Шарипович деле мындайды күтпөптүр, капчыгынан 10 миң сом ырымын кылды. Биз ал акчаны жамаат менен тасмал жайып, калганын ырым кылып бөлүп алдык.

Президент өз учурунда биздин да көйгөйдү укканга жетишти. Региондорго чыгууга автоунаа маселеси бар эле. Аны жакынкы арада чечип берерин айтты. Баса, 30-31-январда ушул эле программабызды улуттук филармонияда койгону даярданып атабыз.

Сурат Жылкычиев

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости