www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта коррупцияга каршы чыккан 600 дөй жаран каза болду

 

Иракта коррупцияга каршы чыккан 600 дөй жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары,  аталган мамлекеттин президенти Бархам Салехдин берген билдирүүсүнө таянып  жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын октябрь айынын бери,  Ирактагы демонстранттар коррупцияга жана жумушсуздукка каршы күрөшүп, жашоо-шартты жакшыртууну жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылып, нааразычылык акциясына чыгып келишүүдө. Бул  нааразычылык акциясында, баш аягы 600дөй жаран каза болгону айтылат маалыматта.

Эске салсак, Буга чейин  ЖМКлар митингдин кесепетинен 50 миңдей адам жарадар болгонун жазган. Бул Саддам Хусейн бийликтен кулатылган 2003-жылдан берки эң ири нааразылык акциясы экендиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости