www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төмөндө сиз Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеевдин ар бир кыргызга тиешелүү жүрөк өйүткөн маселелер тууралуу ой толгоолорун окуй аласыздар.
БИЗ КООМДУ- КООМ БИЗДИ САКТАШЫ КЕРЕК
Лениндин айтканы бар "Коомдо жашап туруп, андан сырткары боло албайсың"- деген. Калетсиз сөз. Ар бирибиз бүгүнкү жашап аткан коомубуз менен көзгө көрүнбөгөн "кантамыр жиптер" аркылуу байланып, оң же тескери таасир алып жашайбыз. "Мен коомго тиешем жок эле өз алдымча жашап атам"- деш түркөйлүк болуп калат.
Каалайбызбы, каалабайбызбы коомдогу ар бир болуп өткөн окуя жашообуздун жакшы же жаман жагына өзгөрүшүнө өбөлгө түзөт. Демек, ар бирибиз өзүбүз жашаган коомдун туура жолго түшүшүнө, туура өнүгүшүнө колдон келген көмөгүбүздү кошууга милдеттүүбүз. Мындай аракетибиз менен өз жашообуздун оңолушуна эле кам көрбөстөн, балдарыбыздын келечегине да кам көргөн болобуз. "Күч бирдикте"- дегендей , биригип аракет кылсак, берекесин көрөбүз. Кайдигер карасак, азабын тартабыз.
Тилекке каршы, муну ар бирибиз эле терең маани берип түшүнө бербейбиз. Түшүнбөгөндүктөн коомдук өсүшкө ар кандай терс иштерди жасайбыз. Андан коом жабыркайт. Көп жазып жүрөм. "Коом тирүү организим сыяктуу. Ал деле ооруйт, жабыркайт. Эгер ден соолугу чың болсо, өсүп өнүгөт"- деп.
Бүгүнкү жашап жаткан коомубуз "оорулуу коомго" айланды. Коомдун оорулуу болушуна ириде анда жашаган өзүбүз, ар бирибиз күнөөлүүбүз. Бирок күнөөбүздү түшүнбөй же моюнубузга алгыбыз келбей, башкага оодарабыз. Көп учурда барын жүктөй бергенге ыңгайлуу болгон бийлик "күнөөлүү" дейбиз.
"Сөз чынынан бузулбайт" дейт. Акыркы мезгилде жердешчилик-трайбализм "Түндүк-Түштүк" маселеси улам күч алып, коомду жабыркаткан деңгээлге жетти. Чынында бийлик үчүн жердешчилик-трайбализмдин кереги жок.
Тескерисинче, эл ынтымактуу болсо, бир багытты көздөсө, башкарууга оңой. Ынтымактуу коомдо ийгиликтер өзү жаралат. Анда бул "оору" кимге керек? Ириде аракеттеги саясатчыларга керек. Элди Түндүк-Түштүккө, кокту-колотко бөлүү менен бийликтен "устукан" алууга аракеттенишет. Ушул аракеттер менен кысым көрсөтүшөт.
"Тигил кызматта Түштүк отурабы, демек, бул кызматты Түндүккө бер"-, дешет. Ошентип көп учурда максаттарына да жетишет. Аларга карапайым элдин жашоосунун оңолушу, мамлекеттин экономикасынын өсүшү маанилүү эмес. Өз кызыкчылыктары биринчи орунда турат. Жеке башынын кызыкчылыгы үчүн андайлар ыгы келгенде жердешин кой, бир тууганын да сатат.
2. Кызматтан кол жууган мурунку атка минер, чала саясатчылар: "Мен жакшы иштесем деле алып салды. Шеф баланча жактан келди да, мени түкүнчө жактыксың деп иштен айдады",- дешет. Иштей албаганын же башка себеп менен алынганын ушинтип жердешчиликке шылтап жабат.
3. Корупционерлер. Алар жөнүндө экинчи макаламда кенен жазам. Коом үчүн да, мамлекет үчүн да коррупция өтө коркунучтуу "оору". Ошондуктан коррупция жөнүндө кенен жазылышы керек.
4. Эл арасындагы өз ою жок, ээрчимелер. Жогоркулардын тилине кирип, ээрчип алышат. Алардын айткандары тим эле мыйзамдай туюлат. Кумарланып угат. Ошолордун оюна кирет. Себеби өздөрү ойлонууга жөндөмсүз. Акыл жүгүртүүгө денгээлдери чектелүү. Чындыкка тике карап ойлонсоң бул жашоодо жердешиң эмес, бир тууганыңдын деле пайдасы дайым эле тие бербейт.
Кошунаң министир болсо да ар кимдин жашоосу өзүнүкү. Бирөнүн табагына бирөө аш салбайт. Керек болсо өзүнчө бөлүнгөн балаң деле өз жашоосу менен өзү алек.
Т. Усубалиев 24 жыл республиканы башкарды. Кочкор району башка райондордон өзгөчөлөнүп турабы? Кочкорлуктар жер баспай асманда учуп жүрөбү? Бүт Кыргызстандыктар көргөн жашоону көрүп эле жашап келатышат.
Жердешчиликтин, трайбализмдин оорусун пайда кылуучу "вирустарын" өлтүрүү ар бирибиздин колубузда эле турат. Биринчи; аны жайылтуучу ээрчимелер акыл эсине келип ойлонушу керек.
Экинчи; коомдогу интеллигенция өз милдетин аткаруусу керек. Жердешчиликтин жыты билинсе, тескеп каршы турушу керек. Үчүнчү; жалпы эле аксакалдар да коомду бузган сөздөргө кулак салып, унчукпай отура бербей жаштарга үлгү болуп тизгин кагып туруулары керек. Жаштардан иштерман мыкты жигиттерибиз көп. Алар жердешчиликке, трайбализмге муктаж эмес. Ошондой астынкы мыкты чыгаан жигиттерибиз да жердешчилик, трайбализм дегенди байкаса ошол жерден жок кылуулары керек.
Жердешчилик, трайбализм оорусу ириде карапайым элибизге зыянын тийгизет, коомду жабыркатат. Келечек муундарыбызга жаман мурас калтырабыз.
Кыргызым алакандай элбиз. Кайталайын бул ооруну жок кылуу ар бирибиздин колубузда. Жердешчилик, трайбализм дегенди ар бирибиз жүрөгүбүздөн, мээбизден алып салсак эле кутулабыз. Жердешчилик, трайбализм деген ойдун өзүн да жок кылуу керек. Ар бирибиз жүрөгүбүздү тазартсак, Кыргызстан тазарат. Таза Кыргызстандын келечеги кенен болот. Ошонтип биз жашап жаткан коомубузду сактасак, коом кайра бизди сактайт,
Коомдо дагы кандай оорулар бар экенин экинчи макаламда улайын...
Булак:NazarNews.kg