www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жок деп айтуу ушунчалык кыйынбы?

Учурдун психологиялык көйгөйүнө айланган “жок дей албагандык” билинбегени менен бизди көп зыянга учуратат. Эркектерге салыштырмалуу аялдарда көбүрөөк кездешүүчү бул адат тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

Айрымдар адамдар менен айтышуудан качып же болбосо башкаларга жаман көрүнүп калбоо үчүн жок дей алышпайт. Бирок, каалабаган нерселерге “ооба” деген дагы туура эмес. Уруштан тышкары каршыбыздагы адам биз үчүн баалуу болсо, анын көңүлүн оорутуп албоо, ортодогу мамилени сактоо үчүн да жок дей албашыбыз мүмкүн. Муну менен катар директор, башчыларга каршы жок дей албайбыз. Анын жыйынтыгында керексиз жүк артынып, ишке болгон мотивациябыз азаят. Өзүңө болгон ишенимдин аздыгы, тартынуу бул проблемага себеп болчу сапаттардын сап башында турат. Кээде болсо ооба дегенге көнүп алган жаныбыз жок деген учурда өзүбүздү  күнөөлүү сезип, жаман болобуз.

Бул сапаттын зыяны сиз каалабаган учурда досуңуздун каалоосу менен киного баруу сыяктуу жеңил көрүнүшү мүмкүн. Бирок, мунун акыры каалабаган чечимди кабыл алып, сизге жакпаган кесипти тандоо сымал башкалардын тандоосу менен жашап калууга, жашооңуздагы олуттуу проблемаларга алып келет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык жок дей албагандык адамды депрессияга түртсө, каалабаган абалдын каршысында жок дей билүү психологиялык жактан адамды бактылуу кылаары байкалган.
Кантип жок дейбиз?

Алгач, жок дей албагандыгыңыз үчүн аткарууга дуушар болгон иштерди тизмелеп көрүңүз. Аларды бир сыйра карап, анализ жасаңыз. Андан соң акырындан жок деп айта баштаңыз. Мисалы, жакын досуңуздун чакыруусуна сылык түрдө каалабаганыңызды айтып, баш тартыңыз. Кээде айтылган сөздөргө караганда айтуу жөндөмү көбүрөөк роль ойнойт. Баш тартууда болушунча сезимдериңизди ачык көрсөтүп, так жана сылык түрдө юмор менен түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.

Жок деген сайын өзүңүздү жакшы сезип, бактылуу боло баштаганда, муну аткаруу мурункудай кыйын болбой баштайт. Досторго айткан соң, баш тартуу оңойго турбаган адамдарыңызга дагы жокту колдоно баштаңыз. 

Сиздин бактылуулугуңуз баарынан маанилүү. Сиз бактылуу болсоңуз, башкаларды да бактылуу кыла алаарыңызды унутпаңыз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости