www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек. Дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында оору жугуп жатканы белгилүү. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, ар бир санитардык талаптарды аткаруусу зарыл", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде.
Анын айтымында, шарттуу түрдө окула турган фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат жана алар толук сакталышы кажет.
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ар бир адам ооруну жугузуп албоо үчүн санитардык талаптарды сактоосу зарыл. Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан түздөн-түз медицина кызматкерлерине кайрылуу кажет. Өз алдынча дарылануу ден соолукка зыян экенин унутпаңыздар.
Булак: NazarNews.kg