www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан  235 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Урал аба жолдору авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттам менен дагы 235 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Элчиликтин кызматкерлеринен, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Ички иштер минстрлигинин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн. Ага Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар кирди. 

Ал эми Новосибирск-Ош багыты боюнча да чартердик каттам менен Россиядан 148 жараныбыз учуп келди. Алардын арасында ден-соолугу начар абалда болгон мекендештер, кош бойлуу айымдар жана зарыл жумушу бар жарандарыбыз бар. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости