www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ж.Орозов: ТЭЦпи, же элдин эндүү пайызын тейлеп жаткан "Дордойбу," ал жерде жан багып жаткандарды да курутуп чет жактан алынып келип жаткан товарларга бажыны баасын асмандатып салышты.

ӨКМӨТтүн экономиканы көтөрүп, элди бага аларына ишенсе болобу?

- Премьер-министрдин экономиканы көтөрүү боюнча дымактуу пландары ишке ашабы же көп убададай болуп, кагаз жүзүндө гана калабы?

- Дүйнө жүзүндөгү көп жетишкен мамлекеттерде өкмөт ишеничтүү узак иштейт, анткени ал келген Өкмөт эл алдына өз программасы менен келип, ошону ишке ашырат. Башкача айтканда, эмнелерди убада кылышса, баарын четинен аткарышат, бир сөз менен айтканда эл үчүн иштешет. Ал эми Кыргызстанда келген өкмөт аягы суюк аялга окшоп көпкө иштешпейт, себеби туруктуу программасы жок жана бийликке келген адамдардын психологиясы жеп-жутканга багытталып калган.

Ошон үчүн ким бийлик башына келсе анын жакындары ага-үка, куда-сөөк, анан ким жакшы пара бере билсе, билимине карабай ошолордун заманы болот. Өзгөчө акыркы жылдары өйдө карай өсүш албай ылдый кургуйга түшүп кеттик, “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу”- дегендей, кайсы жыргаган жетишкендигибизди айтып мактанып, кайсы арыбызга дымагыбызды көтөрөбүз. Экономикалык, социалдык, саясий өңүттө оозго аларлык эмнебиз бар?

Эмне бир ууч аткаминерлер жеп-ичип жаткан кен-байлыктарыбызбы же ТЭЦпи, же элдин эндүү пайызын тейлеп жаткан "Дордойбу," ал жерде жан багып жаткандарды да курутуп чет жактан алынып келип жаткан товарларга бажыны баасын асмандатып салышты? Мына ушундай далилдүү коррупцияга баткан атмосфера менен алдыга жылалы деген реалдуу программасы, долбоору жок, түкүрүк атка конгон, мурдун тарта албаган Жогорку Кенешибиз менен май көл, сүт көл болуп кетебиз дегендин өзү абсурд. Куйругун карматпаган бийликтегилер Кыргызстанды жакын арада алдыга сүйрөй албайт, аны бөркүңөрдөй көргүлө.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости