www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы шайлоо округунан капчыктары калың Аскар  Салымбеков,Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуулар талапкердигин коюшкан. Булардан депутаттыкты талашуу кыйынчылыктарды туудурарын билген Камчыбек Жолдошбаев башка «маневр» жасап Бишкектин Ленин районунан өз талапкердигин койгон. Жакында аны мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу БШКга белгилүү болгон. БШК Камчыбек Жолдошбаевдин депутаттыкка талапкердигин жокко чыгарды. Бул тууралуу БШК бул чара акыйкат шайлоо өтүш үчүн туура кадам деп билдирди.  Камчыбек Жолдошбаев күйөө баласы аркылуу «домкомдор» жана үгүттөөчүлөр аркылуу шайлоочуларды сатып алууга акча тарата баштаган. УКМКнын укуругу мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласын акча таратып жаткан жерден колго түшүрүшкөн. Мындай мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жаткан Камчыбек Жолдошбаев  № 26 Ленин округунан депутаттыкка талапкердиги алынып салынды.

Камчыбек Жолдошбаев 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Анын жети жылдык депутаттык ишинде: «Эмне үчүн депутаттар кызматтык машиналарын пайдаланбай, эл менен кошо автобус, маршруткаларда жүрөт» - деген депутаттар үчүн уялган пикири шайлоочулардын жүрөгүн айланткан. Андан тышкары Камчыбек Жолдошбаевдин жол эрежелерин бузуп, бирок жол эрежелерине тыкыр көз салып турган «ГАИ» кызматкерлерин тоготпой, аларды басмырлап жаткан учуру жалпы элге тараган. Балким ал «көмүр королу» катары өзүнө тиешелүү Кара-Кече көмүрү кымбаттап турушу үчүн аракет кылгандыр. Бирок, элдин тилегин эске алып, жакында бийлик тарабынан көмүрдүн баасы 3000 сомго түшүп, элдин муктаждыгы эске алынсын дешти. Ооба, мындай оор шарттарда көмүрдүн баасынын Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу «көмүр королдорунун» көмүрдү кымбаттатып жатканын сезип, арзандатканы көпчүлүк үчүн кубануу менен кабыл алынды.

Камчыбек Жолдошбаев бизнеске аралашканы Аскар Салымбеков байкесине барып, бутунан туруп кетиш үчүн аны көп «мүлжүгөнү» айтылат. «Жакшылыкка жакшылык» кылуу ар бир адамдын милдети. «Жакшылыкка жамандык» кылууну куп үйрөнүп алган Камчыбек Жолдошбаев бизнестен бутунан турары менен Аскар Салымбековду каралоо ишине айыгышып кирет. Анын алгачкы байкесин жамандоо операциясы Аскар Салымбековдун бир туугандарын «каралоо» иши менен башталат. Ал Аскар Салымбековдун бир туугандарын колунан келишинче ыштайт да, көрүстөнгө барып топурак салып жаткан адамдарга чейин атайын тараттырып, Камчыбек Жолдошбаев ким экенин элге билдирет. Андан соң Аскар Салымбековдун жеке үй-бүлөлүк иштерине чейин киришип, жамандоонун жаңы жолуна өтөт. Аскар Салымбековдун Камчыбек Жолдошбаевге бизнесин тургузуу үчүн жасаган аракеттери тууралуу кулакдар болбогон адамдар муну көптүн бири дешмек. Камчыбек Жолдошбаев «Жакшылыкка жамандык» кылуу жагына оогону эмнени түшүндүрөт? Эми ал депутатка талапкер катары БШКдан алынып салынды, балким Аскар Салымбеков байкесинин «байпагынан» чейин өйдө көз салып, ачык каралоого өтөөр?  

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости