www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 10-ноябрда Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 80ге чыкты. Анын алдында «Российская газета» Аскар Акаев менен маектешкен. Ошол маектеги Аскар Акаевдин жоопторунун урунттууларын беребиз.

«Жоогазын революциясынын» наркы 10 миллиондон 50 миллион долларга чейин болгон. Америка үчүн бул арзанга түштү, ал эми Кыргызстан үчүн 15 жыл бою башаламандык, артка кетип, экономикалык сенектик болду».

«Мен ошол учурда АКШ Мамдепартаментине жакпай калдым, себеби 2003-жылы Россия авибазасын Кыргызстанга жайгаштырууну колдоп, 2004-жылы «Манас» аэропортуна америкалык чалгындоочу «Авакс» самолетун жайгаштыруудан баш тарткам. Андан ары АКШ Грузиядагыдай, Украинадагыдай көрүнүштү кайталашты. Көз карандысыз ЖМКда менин үй-бүлөмдү укмуштай каралоо кампаниясы башталды. Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг оппозициялык күчтөрдү революцияга өзү баштап даярдады».

«2000-жылы Кыргызстандын экономикасы өнүгүп, өсүш 6% болуп жаткан. 2004-жылы өсүш 7% болгон. 2005-жылдын март айында Кыргызстан саясий, экономикалык жана руханий жактан ийгиликтүү реформаланып, стабилдүү, бакубат өлкө болуп турган. 2005-жылдын 24-мартында Бакиев, Отунбаева, Атамбаев башында тургандар криминалдык күчтөргө, АКШнын финансылык, маалыматтык күчүнө таянып мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Булардын кесепети кийин буйрутма адам өлтүрүү, криминалдык дүйнөнүн саясатка аралашып, алардын мамлекетик бийлик менен биригип кетүүсү болуп кетти. Мунун бардыгы өлкөдөгү саясий абалга көп жылдар бою терс таасирин тийгизип турду».

«Ошол күнү менин акыркы буйругум: «Эч кандай ок чыгарбагыла!» болгон. Мен өз мекендештеримдин канын төккөнүм жок, анткени дайыма «бир дагы бийлик бир тамчы канга татыбайт» деген гумандуу принципти карманып жүрөм. Мен президенттик ыйгарым укуктарды өз эрким менен өткөрүп берип, элиме жаңы президент шайлоого жол ачтым. Бул боюнча элимдин алдында абийирим таза».

«Мен өз мекенимди сүйөм. Байыркы даанышмандар айтмакчы, «ким өз элин сүйбөсө, ал башкаларды да сүйбөйт». Мекен деген Мекен, Кыргызстан менен Ала Тоо дайыма жүрөгүмдө. Албетте, элге, жерге болгон сагыныч чоң. Мен илимий активдүү иштеримди аяктаган соң, Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем».

Эске сала кетсек, Аскар Акаев быйыл жайында Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын кайрылып, ага экс-перзиденттик макамды кайтарып берүүнү суранган. Жогорку Кеңештин депутаттары параменттин 25-сентябрдагы жыйынында Акаевдин суранычын аткаруудан баш тартышкан.

Последние новости