www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган эки жаран опузалап акча талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактыларынын бетин ачуу боюнча биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча каражатын опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.
Алар шантаж жана коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Опузалап жаткандардын талабы боюнча, тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелерди жүктөлгөн телефон эркиндикке чыккан адамдын атына катталуусу керек болгон. Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында жасалышы мүмкүн.
Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган) берилген жана ал ИИМдин жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылып алынган.
Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар А.Э. жана У. С. оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.