www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль полициясынын коштоосундагы 284 фанатик жөөт Акса мечитинин короосуна кирди.

Еврей календарына караганда Şavuout майрамы майрамдалган күн бүгүн. Ошондуктан фанатик жөөттөр Израиль полициясынын коштоосунда Акса мечитинин Эл-Мегарибе каалгасынан Хареми Шарифтин короосуна кирди.

Кудстун исламий фонддор башкармалыгынын басма сөз катчысы Фирас Дибс: «Көп сандаган фанатик жөөт, Хареми Шарифтин каалгаларында жана короолорунда чогулган Израиль полициясынын коштоосунда Аксага кирип барышты»,-деди.

Дибс, алар Акса мечитинин короосунда Талмудик сыйынууларын кылып Хареми Шарифти урматтоону бузганын айтты.

Басып алуу астындагы Чыгыш Кудстун байыркы шаар аймагында орун алган Акса мечити, мусулмандардын алгачкы кыбыласы болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Жөөттөр, ичинде Кааба мечити менен Куббетус Сахра жамиси менен катар музей, медреселер жана чоң короо орун алган Акса мечитинин Акса комплексинин астында «Сулейман эстелигинин калдыктары орун алганы» айтымдары менен казуу иштерин кылууда жана Хареми Шарифте алар дагы сыйынуу укуктары болгонун жакташууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости