www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элүүдөй киши Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансформациялап берүүнү талап кылып жатышат. «Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну коздөп турушат. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн жылдын аягында кароого тийиш болсо да, эмгиче каралбай келе жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына турак жай салууга уруксат берүүгө мораторий киргизилген. Буга Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын чет-жакаларындагы райондордун айдоо жерлери турак-жай салыш үчүн мыйзамсыз берилип кеткени себеп болгону айтылган.

Башкы прокуратура былтыр жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу 87 кылмыш ишин козгоп, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай салыш үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен чыккан жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости