www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Босния-Герцеговинанын ортосундагы карым-катнаштардын эң мыкты деңгээлде илгерилеп жатканын айтты.

Расмий сапар менен Босния-Герцеговинага барган Эрдоган, Эл аралык Сараево университети тарабынан өзүнө ыйгарылган ардактуу докторлук наамын тапшыруу үчүн уюштурулган аземге катышты.

Эрдоган, 3 жылдык сагынычтан кийин кайрадан Сараевого келгени үчүн ыраазы болгонун белгилеп, Эл аралык Сараево университети тарабынан өзүнө ыйгарылган ардактуу докторлук наамы үчүн ырахматын айтты.

Босния-Герцеговинанын Мамлекет башчылык кеңешинин төрагасы Бакир Иззетбегович менен өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөндөрүн айткан Эрдоган, Босния-Герцеговинанын Министрлер кеңешинин төрагасы Денис Звиздич жана Министрлер кеңешинин министрлери менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык долбоорлорун карап чыккандарын айтты.

Жолугушууларда экономикадан билим берүүгө чейин, туризмден маданиятка чейин бардык темалар боюнча баа берүүлөрдү жасагандарын айткан Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын эң мыкты деңгээлде илгерилеп жатканын, бул карым-катнаштарды дагы да өнүктүрө тургандарын маалымдады.

Эрдоган, Түркияда Босния-Герцеговинадагыдан дагы көп босняк, албан калкынан дагы көп албан бар экенин айтты.

«Түркиянын дээрлик бардык шаарында Балкандан, Кавказдан, Түркстан аймагынан келген туугандарыбыз жашайт»,-деп айткан президент Эрдоган, «Балкан менен чек арасы да болбогон өлкөлөр, Түркияны Балкан өлкөлөрүнө душман күч сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылышууда»,-деди.

Босняктар менен кошо сербдерге, хорваттарга, албандарга жана македондорго да кучак жаюусун уланта тургандарын баса белгилеген Эрдоган, акыркы мезгилде бул багытта абдан маанилүү кадамдарды таштагандарын айтты.

Булак: трт.нет

Последние новости