www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика Ата-Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылууда. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Депутаттар Текебаевдин күнөөсү жок экенин көрсөткөн беш жагдай барын белгилеп, соттон бул жагдайларга көңүл бурууну сурашмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар негизги арыз берген Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүнгө чыгарган маалыматтар бар экенин билдирди:

- Модин тергөөдө Текебаевдин иш бөлмөсү деп ошол кездеги убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаевге таандык иш бөлмөнү сүрөттөгөн. Модин Текебаев, Чотонов менен жолугушуу болду деп айткан күнү, убактысы чындыкка дал келбейт. Ал "Супарада" жолугушууда болдук деген сааттарда Бишкекти кыдырып жүргөн. Буга чейинки сотто бул маалыматтар биздин күбөлөр жана адвокаттар тарабынан айтылган. Бирок сот аларга көңүл бурган эмес. Тескерисинче, Бишкек шаардык соту бул фактыларды жашырып койгон.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Текебаев жана Чотонов, алардын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук деп эсептешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости