www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын Өзбекстан боюнча өкүлчүлүгүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, президент Шавкат Мирзиеевдин бул аптада АКШга жасаган расмий сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Йонг Ким менен болгон жолугушуудан кийин банктын Өзбекстанга 940 миллион доллардык насыя бөлгөндүгү боюнча келишимге кол коюлду.

Маалыматка караганда аты аталган насыя өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшүндө энергиянын түшүмдүүлүгүн арттыруу, өлкөдө мөмө-жемиш жана жашылчанын өндүрүлүшүн жакшыртуу, тез жардам медициналык тейлөөлөрдүн жакшыртылышы жана финансылык кеңешчилик тармактарындагы 4 жаңы долбоорду финансылоо үчүн колдонулат.

Дүйнөлүк банк менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын алдыңкы жактарын белгилеген эки жактуу түшүнүшүү меморандуму менен Дүйнөлүк банктын курамындагы Эл аралык финансы мекемеси (IFC)  менен да Өзбекстандын ортосунда кеңешчилик кызматтары боюнча келишимге кол коюлду.

Бул насыянын артынан Дүйнөлүк банктын Өзбекстандагы долбоорлорго камсыздаган жалпы насыя көлөмү 2,8 миллиард долларга жетти.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости